Sadece Litres-də oxuyun

Kitab fayl olaraq yüklənə bilməz, yalnız mobil tətbiq və ya onlayn olaraq veb saytımızda oxuna bilər.

Kitabı oxu: «Türkiye'de Kırgız Araştırmaları»

Şrift:

АЛГЫ СӨЗ

Кыргыз таануу, жалпы жонунан айтканда, кыргыз элинин тарыхын, тилин, материалдык жана руханий маданиятын изилдөөчү дисциплиналар аралык тармак болуп саналат. Кыргыз таануу тармагындагы изилдѳѳлѳр Кыргызстандан тышкаркы өлкөлөрдө да ургалдуу жүргүзүлүп келүүдѳ. Кыргыз таанууга өзгөчө көңүл бурган ѳлкѳлѳрдүн бири Түркия болуп саналат. Анадолу жана Теңир-Тоо калктары боордош болгондуктан кыргыздар менен түрктѳрдүн ортосундагы мамилелер орто кылымдардан баштап эле түзүлгөн. Кыргыздардын Анадолудагы издери менен огуздардын Кыргызстандагы издери мунун ачык далили десек жаңылышпайбыз. Түркияда кыргыздар боюнча изилдѳѳлѳр Осмон дѳѳлѳтү доорунун соӊунда жасала баштаган. Түркия Республикасы курулгандан кийин бул жаатта жарыяланган материалдардын саны кѳбѳйгѳн.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болоору менен Түркия менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз байланыш түзүлгөнү баарыбызга маалым. Эки өлкөнүн ортосундагы илим, билим тармагындагы кызматташтык Түркияда кыргыз таануу тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Ошентип 1990-жылдары Түркияда кыргыз таануу жаатында жазылган эмгектердин саны кескин өскөн.

Кыргызстан-Түркия мамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жылга чукулдап калганына карабастан, Түркияда кыргыз таануу жаатында кимдер тарабынан кандай эмгектердин жазылганы тууралуу кыргыз коомчулугу жакшы кабардар эмес. Анткени Түркиядагы кыргыз таанууну чагылдырган материалдар Кыргызстанда аз санда жарыяланган. Аталган темада кыргыз коомчулугуна жеткен материалдардын негизгилери төмөнкүлөр болуп саналат:

Проф. Анварбек Мокеев Магзуни тарабынан жазылган Кудаяр хандын тарыхы боюнча эмгекти Стамбулдагы китепканадан таап чыгып, кыргыз коомчулугуна тааныткандан кийин,1 аты аталган эмгек Кыргызстанда китеп катары басылып чыккан жана ал боюнча кѳптѳгѳн изилдѳѳлѳр жүргүзүлгѳн. Проф. Тынчтыкбек Чоротегин Махмуд Кашгари Барсганинин сѳздүгүнүн Түркияда кантип табылганын жана ал боюнча түркчѳ кандай изилдѳѳлѳрдүн жасалганын 2017-жылы жарыялаган эмгегинде кенен чагылдырган.2 Түркияда кыргыз тарыхынын изилденүү деңгээли боюнча Кыргызстанда магистрдик диссертация корголуп, макала жарыяланган.3 Осмон дөөлөтүнүн кыргыздар менен мамилелери боюнча Роза Абдыкулованын эмгектери жарык көргөн.4 Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова «Түрк тил коомунун» китепканасынан Бука уулунун сөздүгүн таап, ал боюнча кыргыз коомчулугун кабардар кылган.5 Ошондой эле Жумакунова Түркиянын Бурса шаарында 2013-жылы өткөрүлгөн кыргыз-түрк мамилелери боюнча симпозиумда окулган докладдарды эки тилде (кыргызча, түркчө) жарыялап, кыргыз таанууга чоӊ салымын кошкон.6 Кыргыз илимпозу Сулайман Кайыпов Памирден Түркияга көчүп келген кыргыздар боюнча Кыргызстанда доктордук диссертация жактап, көлөмдүү эмгектер жарыялаган.7 Ош шаарында Имам Серахси боюнча өткөрүлгөн эл аралык симпозиум, ал аалым жана анын эмгектери боюнча Түркияда болгон маалыматтардын кыргыз коомчулугуна жетишине себепкер болгон.8 2014-жылы Анкара шаарында кыргызча жана түркчө басылып чыккан «Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары (1992-2012)» аттуу эмгек Түркияда кыргыз таануу жаатында даярдалган диссертацияларды чагылдырган. 9

Жогорудагы эмгектерден байкалып тургандай эле, кыргыз таануу тармагында Түркияда жазылган илимий эмгектерди ар тараптан иликтеп, бирдиктүү чагылдырган эмгек алиге дейре жазыла элек болчу. Түркияда кыргыз таануу жаатында кимдер тарабынан кандай эмгектердин жазылганы жана Түркиядагы кыргыз таануунун абалы тууралуу кыргыз илим дүйнөсүн, ошондой эле жалпы кыргыз коомчулугун жакшылап кабардар кылуу үчүн, андай эмгекке муктаждык бар экенин көрүп, колуңуздардагы китепти даярдадык.

«Түркияда кыргыз таануу» аттуу ушул китеп төрт бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө Түркияда кыргыз таануу тармагында жазылган эмгектер тууралуу макалалар берилди. Алардын арасында «Евразия жазуучулар биримдигинин» кыргыз таанууга кошкон салымын, кыргыз тили боюнча Түркияда корголгон диссертацияларды, кыргыз тарыхы тууралуу монографияларды жана кыргыз акын-жазуучуларынын 1990-жылдан кийин түрк тилине которулган чыгармаларын чагылдырган макалалар бар. Баса белгилей кетчү нерсе, ушул бөлүмдө Проф. Жээнбековдун кыргыз таануу тармагынын жаралышы жана изилдөө багыттары боюнча макаласын окуй аласыздар.

Китептин экинчи бөлүмүндө Түркияда кыргыз таанууга салым кошкон илимпоздор тууралуу макалалар орун алды. Түркияда кыргыз таануунун калыптанышына салым кошкон илимпоз Проф. Абдулкадир Инан, өз эмгектеринде кыргыздарга өзгөчө орун берген тарыхчы Проф. Бахаеддин Өгел жана улуу муундагы кыргыз таануучулардын уучун улап келе жаткан замандаш илимпоз Проф. Нажийе Йылдыз тууралуу макалаларды ушул бөлүмдөн окуй аласыздар.

Китептин үчүнчү бөлүмү Түркияда «Манас» эпосу бoюнча жазылган эмгeктeрдин жана Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынын библиографиясынан түзүлдү. Түрк калкынын Айтматовдун китептерин барктап окугандыгын жана түрк илимпоздорунун Айтматов таанууга өзгөчө маани бергенин библиографиянын көлөмүнөн эле байкоого болот.

Эмгектин төртүнчү бөлүмүндө кыргыздар тууралуу иликтөөлөрдү түрк тилинде жарыялап, кыргыздарды Түркияда таанытууга салым кошуп келе жаткан кыргызстандык жана түркиялык илимпоздордун ар кыл темадагы кыргызча макалаларына орун берилди.

Бул китеп Түркиядагы кыргыз таануу жаатында жасалып жаткан иштердин кыпындай бир бѳлүгүн гана чагылдырды. Анадолудагы кыргыз издери, ажылык, «Кут алчу билим» сыяктуу темалар боюнча жана Оши (1096-1106), Абдурахман бин Осмон Кыргызи, Ишеналы Арабаев (1882-1938), Селахиддин ибн Мевлана Сиражиддин (1843-1910), Михаил Фрунзе (1885-1925), Осмон Кожаоглу (1878-1968), Анвар Байтур (1938-1991) сыяктуу инсандар тууралуу Түркиядагы маалыматтар жана изилдөөлөр кыргыз коомчулугуна жеткирилиши абзел. Кыскасын айтканда, Түркиядагы кыргыз таануу боюнча дагы көп иштер жасалышы керек.

Сөзүмдүн аягында, кыргыз таанууга кайдыгер карабай, ушул китеп үчүн атайын иликтөө жүргүзүп, макалаларды жазып берген илимпоздорго жана эмгектин басылып чыгышына колдоо көрсөткөн «Евразия жазуучулар биримдигинин» төрагасы Йакуп (Жакып) Ѳмероглу менен жеке ишкер Нурбек Табышевге терең ыраазычылык билдиремин.

Гүлдана Мурзакулова

ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР

a.g.e. adı geçen eser/аты аталган эмгек

ABD Anabilim Dalı/кафедра

AKM Atatürk Kültür Merkezi/Ататүрк маданият борбору

c.(т) cilt/том

ASAM Avrasya Stratejik Araştırmalar Merkezi/Евразия стратегиялык изилдѳѳлѳр борбору

CIEPO Uluslararası Osmanlı Öncesi ve Osmanlı Tarihi Çalışmaları Komitesi/Эл аралык Осмон дѳѳлѳтүнѳ чейинки жана Осмон доору тарыхын изилдѳѳ комитети

çev. çeviren/которгон

Edit. editör/редактор

MEB Milli Eğitim Bakanlığı/Түркия билим берүү министрлиги

MTAD Modern Türklük Araştırmaları Dergisi/Модерн түрк изилдѳѳлѳрү журналы

s. sayfa/барак

TDBB Türk Dünyası Belediyeler Birliği/Түрк дүйнѳсүнүн муниципалитеттер биримдиги

TDİD Ege Üniversitesi Türk Dünyası İncelemeleri Dergisi/Эге университети түрк дүйнѳсү боюнча изилдѳѳлөр журналы

TDKB Türk Dünyası Kültür Başkenti/Түрк дүйнѳсүнүн маданий борбору

TEKE Uluslararası Türkçe Edebiyat Kültür Eğitim Dergisi/Эл аралык түркчѳ адабият, маданият, билим берүү журналы

TTK Türk Tarih Kurumu/Түрк тарых коому

Yay. Haz. Yayına Hazırlayan/басмага даярдаган

Yay. Yayınevi, Yayınları/басмакана, басылмалар

YL Yüksek Lisans/магистратура

YÖK Yüksek Öğretim Kurumu/Жогорку билим берүү комитети

ж.б. жана башка

ЕЖБ (AYB) Avrasya Yazarlar Birliği/Евразия жазуучулар биримдиги

КГУ Кыргызский государственный университет/ Кыргыз мамлекеттик университети

Кот. которгон

РГО Российское географическое общество/Орус географиялык коому

С. страница/барак

СПб. Санкт-Петербург

СССР-Союз Советских Социалистических Республик/ Советтик Социалистик Республикалардын Биримдиги

ТИКА Түрк кызматташтык жана координация агенттиги

БИРИНЧИ БѲЛҮМ
ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗ ТААНУУ ТАРМАГЫНДА ЖАЗЫЛГАН ЭМГЕКТЕР

Кыргыз таануу тармагынын жаралышы, изилдөө багыттары (XVIII к. экинчи жарымы – XX к. башы).
Жээнбек Алымбаев10

Аннотация

Макалада XVIII кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын башындагы орус тарыхнаамасындагы кыргыз элинин тарыхын изилдеген эмгектерге анализ берүү аракети жасалат. Кыргыз таануу илимий тармагынын жаралышы, анын өнүгүү багыттары, этаптары белгиленет. Кыргыз таануу маселесин чагылдырган «Түркстан жыйнагы», «Туркестанские ведомости» сыяктуу басылмалардын орду белгиленет. Орус тарыхнаамасындагы кыргыз таануу маселесин изилдеген авторлорду эмгектеринин мазмуну, адистик курамы, билими боюнча топторго бөлүү аракети жасалат. Эмгектердин тарыхый булактык, тарыхнаамалык мааниси көрсөтүлөт.

Ачкыч сөздөр: Кыргыз таануу, түркстан таануу, орус изилдѳѳчүлѳрү.

Origination of Kyrgyz Studies and its research areas (the second half of the XVIII – beginning of XX century)

Abstract

The article analyzes the works which studied Kyrgyz history in Russian historiography in the second half of the XVIII – and in the beginning of XX centuries. The origination of the field of Kyrgyz Studies, its developmental aspects and stages are established. The article reviews the publications dealing with Kyrgyz Studies such as “Turkestan Collection”, “Turkestan Gazette”. Afterwards, it groups the works of the authors in Russian historiography who explored Kyrgyz Studies according to their content, specialization, and knowledge. Also, the significance of these works as historical sources, and in terms of historiography is assessed.

Keywords: Kyrgyz studies, Turkestan studies, Russian researchers.

«Түркстан таануу» жана «кыргыз таануу» түшүнүктөрү

Түркстан түшүнүгү азыркы Өзбекстан, Туркменстан, Кыргызстан, Казахстан, Таджикстан жана Синьцзян-Уйгур автономиялуу району, түштүк Сибирь аймагындагы түрк тилдүү райондор, ошондой эле түндүк Афганистан жана Иран аймактарын байланыштырат. XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта Түркстан Батыш Түркстан жана Чыгыш Түркстан жана Түштүк Түркстан (Иран жана Афганистандын түндүк жагы) деп атала баштаган. Батыш жана Чыгыш Түркстанда түрк тилдүү элдер, түштүгүндө болсо иран тилдүү элдер жашап турган.

XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта Батыш Түркстан («Русский Туркестан») аймагына Түркстан генерал-губернаторлугунун карамагына кирген жерлер карап калган. 1867-жылы борбору Ташкент шаары болгон Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлсө, 1886-жылдан тарта Туркестан крайы деп атала баштаган. Түркстан крайы: Фергана, Жети-Суу, Закаспий, Сыр-Дарыя, Самарканд областарынан турган. Батыш Түркстан, Чыгыш Түрстан түшүнүктөрү илимге англичандар тарабынан киргизилген. XIX к. биринчи жарымына чейинки эмгектерде аталган географиялык аймак «Великая Бухария», «Малая Бухария» деп аталып келген.

1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугунун түзүлүшү менен бул аймакта Россия империясынын жаңы административдик (аскердик-жергиликтүү) башкаруу системасы киргизилип, социалдык-экономикалык, маданий тармактарда ири өзгөрүүлөр жүргүзүлө баштаган. 50 жылдан ашуун мезгилде Орто Азия элдеринин саясий, социалдык-экономикалык, маданий, аскердик турмушун изилдөөгө алган баалуу фактологиялык материалдарды камтыган эмгектер жаралган. Россия илиминде калыптанып өнүгө баштаган чыгыш таануу тармагынын изилдөө объектиси, анын предмети кеңейип жарым кылым аралыгында өз алдынча «түркстан таануу» багыты жаралып, бул эмгектердин көпчүлүгүн булакнаамалык, тарыхнаамалык-булактык маанидеги эмгектердин катарына кошууга болот. «Түркстан таануу» түшүнүгү постсоветтик мезгилдеги Борбордук Азия республикаларынынын окумуштуулары тарабынан колдонулуп келе жаткан терминдердин бири. О. Пуговкина «түркстан таанууну» Россия тарыхнаамасынын Борбордук Азиядагы илимий дисциплинасынын бир бөлүгү катары кароону сунуштайт.11

XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта «түркстан таануу» тармагынын өнүгүшү үчүн тийиштүү илимий мекемелер жаралып, илимий кружоктор түзүлүп, басылмалар түптөлүп иштей баштаган. Россия тарыхнаамасынын Борбордук Азиядагы россиялык түркстан таануучуларынын ири илимий мектеби жаралган. Бул аралыкта түркстан таануу бир канча тармакта изилдөө иштерин жүргүзгөндүгүн эске алсак, анын багыттарынын ичинен «кыргыз таанууну» өз алдынча бөлүп кароо, ага илимий анализ жасоо мезгилдин талабы. Кыргыз таануу маселесин россиялык «түркстан таануу» тармагынын ичинде жаралган бир илимий багыт катары кароо керек. Кыргыз таанууга кыргыз элинин саясий, социалдык-экономикалык, маданий тармактары боюнча тарыхый булактык жана тарыхнаамалык-булактык мүнөздөгү россиялык түркстан таануучулардын изилдөөлөрүн атоого болот. Албетте, кыргыз таануу маселесин мындан да кеңири илимий изилдөөнү талап кылган объект катары кароо зарыл.

Россия тарыхнаамасындагы «кыргыз таануунун» башаты

XVIII кылымдын экинчи жарымынан XIX кылымдын башына чейинки мезгилдеги кыргыз таануу маселесинин жаралуусунун башатында турган авторлордун катарына П. Рычков, В.Н. Татищев, И. Андреев, Е. Тимковский, И. Бичурин ж.б. сыяктуу падышачылыктын өкүлдөрүн кошууга болот. Аталган авторлордун эмгектеринде кыргыздардын жашаган аймагы, алардын коомдук-саясий турмушу, «кара кыргыз» этнонимине байланышкан көз караштар сүрөттөлгөн. Маселен, илимий чөйрөгө кыргыздар туурасындагы алгачкы маалыматты белгилүү кылган авторлордун бири В.Н. Татищев жана П.И. Рычков болгон. Эки автор кызматы боюнча чогуу эмгектенишип, В.Н. Татищевдин П.И. Рычковдун көз карашына тийгизген таасири чоң болгон. Эки автордун кыргыздар туурасында берген маалыматы бири-бирине үндөш. Алсак В.Н. Татищев: «Алатай (Ала-Тоо) кыргыздар көчмөн жана күчтүү эл, Ташкенттин ары жагында, чоң казан ордосунан 5-6 күндүк узакта турушат, Ходжант (Хаджент) Наимачин (Наманган) жана Маджаландын (Маргалан) сейрек жүрүүчү жана таштуу тоолорунда жашашат»12– деп эскерген. Автордун андан ары берген маалыматында кыргыздардын жарымы Жунгар хандыгынын кол алдында, жарымы 30000 аскери менен аларга каршы турушат13. Кыргыздар туурасында илимий чөйрөгө биринчи болуп жарыялаган эмгек П.Н. Рычковдун эмгеги болуп саналат. Эмгек Оренбург губерниясынын «генералдык картасын» түзүүгө байланыштуу, губернияга чектеш Борбордук Азия аймагын изилдөөгө алган. Аталган эмгек эки бөлүктөн, 24 баптан туруп, Борбордук Азия элдери туурасында маалыматтар жазылган. Кыргыздардын жашаган аймагына токтолгон автор: «Ташкенттин ары жагы Ходжент, Наймаган (Наманган) жана Мадталан (Маргелан) шаарларында күчтүү жана көп сандуу кыргыздар бар, алар Алатау (Ала-тоо) аталган таштуу жана бийик тоолордо көчүп жүрүшөт. Ошол тоолордон улам, алар Алатай (Ала-Тоо) кыргыздары деп аталат»14– деп жазат.

Кыргыздардын коомдук-саясий турмушун чагылдырган авторлордун бири И. Андреев болуп саналат. Анын эмгегинде XVIII кылымдын акыркы чейрегиндеги Тянь-Шандык кыргыздардын ички абалы, коңшу мамлекеттер менен болгон мамилеси ж.б. чагылдырылат15. Элүү жылдан ашуун Түштүк Сибирь жана Казак талааларында кызмат өтөгөн И.Г. Андреев 1785-1790-жылдары казактар туурасында тарыхый этнографиялык эмгек жараткан. Советтик тарыхнаамада көпчүлүккө белгисиз болуп келген И.Г. Андреевдин кол жазмасы жана эмгеги 50-жылдардын ортосунда гана Э.А. Масанов тарабынан Петербург шаарынан табылган16. И.Г. Андреев өзүнө чейин белгилүү болгон И. Миллер – П. Рычков, П.Н. Рычков, В.Н. Татищевдин эмгектерине таянып, кыргыздар менен казактардын аталышы, алар жашаган аймактарга кеңири токтолуп өткөн автордун бири. И.Г. Андреев эмгегинде кыргыздар туурасында төмөнкү үч жагдайга токтолгон: а) кыргыз-кайсак аталыштары, алардын ортосундагы байланыш; б) кыргыздардын коомдук түзүлүшү; в) орус-кыргыз мамилелеринин башталышы. И.Г. Андреевдин берген маалыматына таянсак, кыргыздар деп аталган ат менен үч эл белгилүү: а) кытай сепилинде жашаган байыркы кыргыздар; б) калмактар тарабынан Кара Тоого куулган жана Сибирь тарыхында «буруттар» болсо, «жапайы», «кара», «такшалган» аталышындагы кыргыздар; в) кайсактар же казактар талаада жашаган, көчүп жана адашып жүргөн кыргыздар17.

И.Г. Андреевдин эмгегинин «о диких, черных или закаменных киргизах» деген бөлүгүндө Сибирдин тарыхында «буруттар» деп аталган «кара» же болбосо таштуу аймактын ары жагындагы кыргыздар кайсактар эмес, алар байыркы кыргыздар (киргисцы) экени, алар (казактар) өз энеден, алар (кыргыздар) өгөй энеден төрөлүшүп, анан калса каардуу келгендиктен, казактар тамаша иретинде «жапайы» деп аташканы жазылган18. И.Г. Андреевдин пикири боюнча казактар кыргыздарды алардын кардуулугу үчүн кооптуу, шектүү катары карашкандыктан аларды «жапайы» деп атай баштаган. Демек, кыргыздардын «жапайы» деп аталышы байыркы, кардуу жана кайраттуу деген түшүнүктөрдөн улам жаралган.

Тарыхый этнографиялык мүнөздөгү И.Г. Андреевдин эмгегиндеги маанилүү маалыматтардын бири – кыргыздардын коомдук түзүлүшү, кыргыз-орус байланышы туурасындагы даректер болуп саналат. Автор кеңири болбосо да, 1785-жылы Атаке баатыр тарабынан Абдырахман Кучаков баштаган элчиликтин Петербургга жөнөтүлүшүн кабарлаган19. Белгилей кетчү нерсе, кыргыз тарыхнаамасында алгачкы кыргыз элчилиги боюнча, айрым фактыларды архивдик материалдардын негизинде тактаган Д. Сапаралиевдин пикирин эске алуу зарыл20.

Кыргыздардын коомдук түзүлүшүнө токтолгон автор: «Кыргыздарда хан, султан болбойт, Атаке аттуу бийи бар, согушка 50000 аскерди топтой алышат»,21– деп эскерет. Эмгекте кыргыздар (волостко) урууларга бөлүнөрүн, алардын башчыларын атап өтүү менен ошол эле учурда кыргыздардын айрым бөлүктөрүнүн Кокон менен Кашкардын ортосунда 5000 түтүнгө жакыны «бурут» деген ат менен көчүп жүрөрүн белгилеп өткөн22. Казак тилин жакшы өздөштүргөнү менен Кыргызстандын аймагында болбогон И.Г. Андреев кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтарды кеңири бере алган эмес. Ошого карабастан XVIII к. экинчи жарымындагы орус тарыхнаамасында кыргыз менен казактын ортосундагы тилдик, адеп-ахлактык, жүрүм-турумдук жана диний жактан окшоштуктар бар экендигин белгилеп кеткен.

Чагылдырылган басылмалар

Каралып жаткан доордо кыргыз элинин тарыхы Россия тарыхнаамасында көлөмү, мазмуну, баяндоо ыкмасы боюнча ар кандай формада, жанрда изилденип жазылган. Алардын катарына күндөлүктөрдү, запискаларды, отчетторду, справкаларды, билдирүүлөрдү, мемуарларды, статистикалык, аскердик-топографиялык материалдарды, макалаларды, очерктерди жана атайын басылган эмгектерди кошууга болот. Ал материалдар көлөмү, мазмуну жагынан, баяндоо ыкмасы боюнча бири- биринен айырмаланат. Алардын дээрлик көпчүлүгү өз мезгилинде жарыяланган. Айрым материалдар архивдерде сакталууда. Революцияга чейинки авторлордун эмгектери жарыяланган басылмаларга төмөнкүлөрдү кошууга болот: 1) Орус Географиялык коомунун басылмалары болгон: «Записки РГО», «Известия РГО», «Вестник РГО», «Известия императорского РГО»; 2) Мезгилдүү басмасөз басылмалары: а) Борбордук басылмалар: «Русский Вестник», «Вестник Европы», «Военный сборник», «Современник», «Русский инвалид», «Голос», «Биржевые ведомости», «Голос» ж.б; б) Жергиликтүү басылмалар: «Туркестанская туземная газета» ж.б.; 3) Атайын басылган жыйнактар: «Туркестанский сборник». Собрание сочинений о Туркстанском крае вообще и сопредельных с ним стран Средней Азии —Т.Т. —1 —594 – Ташкент, 1868-1940. (текстте «Туркестан жыйнагы» деп берилет- Ж.А.); «Материалы для статистики Туркестанского края». Ежегодник. Вып.1-5.-СПб. 1872-1879; «Русский Туркестан. Сборник изданий по поводу политехнической выставки». – Вып. 1-3. – М. 1872. ж.б;

4) Өз алдынча жарыяланган эмгектер. Революцияга чейинки өз алдынча басылган эмгектердин дээрлик көпчүлүгү Санкт-Петербург, Москва, Ташкент шаарларынан басылып чыккан. Ошондуктан революцияга чейин жарык көргөн эмгектердин дээрлик көпчүлүгү аталган шаарлардын китепканаларында жайгашкан.

594 томдуу «Түркестан жыйнагы». Булакнаамалык жана тарыхнаамалык мааниси жагынан алып караганда колониалдык доордогу басылмалардын ичинен кыргыз элинин тарыхын чагылдырган эң маанилүү басылма-жыйнактын катарына «Түркестан жыйнагы» жана «Туркестанские ведомости» газетасын кошуу абзел. Аталган эки басылма-жыйнактын кыскача жаралуу тарыхына кайрылып көрөлү. Кезегинде колониалдык администрация саясий – экономикалык максаттардан улам жергиликтүү элдин тарыхын изилдөөгө кызыккан. Түркстан крайын 14 жыл башкарган, теги немец, биринчи Түркстан генерал-губернатору К.П. Кауфман 1868- жылы белгилүү библиограф В.И. Межовго кайрылып, Түркстан крайы жөнүндө басылмаларга жарыяланган материалдарды топтоо жана аларды системага келтирүү боюнча тапшырма берет. Генерал-губернатордун тапшырмасы менен, В.И. Межов Орто Азиянын тарыхын чагылдырган көп томдуу жыйнак түзүүгө киришкен. Ал 1868-жылдан тарта К.П. Кауфмандын тапшырмасын аткаруунун үстүндө иштей баштаган. И. Межов Түркстан крайы боюнча жарыяланган эмгектерди сюжети, тематикасы боюнча хронологиялык тартипте топтоп, материалдарды кесип, кыркып алуу жолу менен жаңы кагаз беттерине жабыштырып басмага даярдай баштаган. Айрым көлөмдүү эмгектер томдуктун жарым көлөмүн ээлеген. Бул жыйнактын негизги тарыхый булактары болуп, борбордук жана жергилүктүү газета-журналдар, өз алдынча жарык көргөн эмгектер саналган. И. Межов 20 жылдык эмгектенүүсүнүн натыйжасында, 1888-жылы 416 томду даярдоого жетишкен. Бул жыйнак коомчулукта «Межовдун жыйнагы» же болбосо «Түркестан жыйнагы» (толук аталышы «Туркестанский сборник». Собрание сочинений о Түркстанском крае вообще и сопредельных с ним стран Средней Азии) деген ат менен жарык көрө баштаган. «Түркестан жыйнагы» генерал-губернаторлор К.П. Кауфман, М.Г. Черняев, Н.О. Розенбах, Н.И. Гродеков, П.И. Мищенко жана А.Б. Самсоновдун кызмат кылган мезгилинде жыйналып жарык көргөн. Бирок Н.О. Розенбахтын (1884- 1888) тушунда каражаттын жоктугунан «Түркестан жыйнагын» чыгаруу иши убактылуу токтотулган.

Ал эми К.П. Кауфмандан соң, генерал-губернаторлук кызматка дайындалган М.Г. Черняевдин (1882-1884) мезгилинде бул иш улантылганы менен М.Г. Черняев өзүнүн илимге, өзгөчө К.П. Кауфман тарабынан жасалган алдыңкы иштерге тескери мамиле жасаган. Бул туурасында өз мезгилинде генерал-губернаторлуктун канцеляриясында көп жыл бою кызмат өтөгөн кызматкер Г.П. Федоров мындайча эскерет: «М.Г. Черняевдин К.П. Кауфман менен жекече байланышы, тааныштыгы болбогондугуна карабастан, ал жасаган иштердин көбүнө каршы тура баштаган. Анын ар бир сөзүнөн, буйругунан К.П. Кауфманга болгон кастык сезимин байкоого болор эле. Билбейм, анын аскердик таланты Түркстанда жана Сербияда канчалык деңгээлде даңаза болгондугун, бирок анын эч кандай администрациялык талантынын жок экендиги талашсыз эле».23 Ошол эле Г.П. Федоровдун эскерүүсү боюнча, М.Г. Черняев убактысынын көпчүлүгүн санаалаштары менен чогуу өткөрүп, үйүнөн алыс чыкпай ичкилик ичүү менен гана алек болгон. Демек, И.Г. Черняев крайдын келечеги тууралуу камкордук көрүү мындай турсун, айрым К.П. Кауфман тарабынан жасалган алгылыктуу иштерди кыйратуу жолуна өткөн. Маселен, Ташкент шаарында Кауфмандын демилгеси менен 500 миңдей китептери бар ар кайсы тармакты камтыган элдик китепкана түзүлгөн болчу. Көзүнө суук көрүнгөн китепкананы М.Г. Черняев ревизиялоого буйрук берет. Буйрук аткарылып, генерал-губернаторго китепканада Майн Риддин «Черная собака» жана «Желтая Пантерасынан» башка китеп окулбайт экен деген маанидеги маалымат берилет. Бул окуядан соң М.Г. Черняев «китептерди тез арада казармаларга жана госпиталдарга таркаткыла» деген буйругун чыгарат24. М.Г. Черняев тарабынан жасалган вандализмдин натыйжасында, бир жуманын ичинде элдик китепкана бош калган. Бирок көп өтпөй жаңы дайындалган генерал-губернатор Н.О. Розенбахтын буйругу менен китептер кайра кайтарылат. Ошентсе да 100 томдой китеп жок болуп кеткен.

«Түркестан жыйнагынын» үстүнөн иштөө 1907-жылдан тарта кайрадан улантыла баштаган. Жыйнак боюнча түзүлгөн «Систематикалык көрсөтмөдө» белгилегендей, бул ишке алгачкы мезгилде Орто Азияны терең билишкен окумуштуу-чыгыш таануучулар А.А. Диваев, Н.Ю. Бонч-Осмоловский, А.А. Семенов, библиограф И.И. Гейерлер активдүү катышышкан. Натыйжада, 1907-1909-жылдары 127 том жарык көргөн. 1910-1916-жылдардан баштап бул иштин үстүндө А.А. Семенов иштеп, ал 48 томду даярдаган. Ошентип, көп жылдык эмгектин натыйжасында, 594 томдон турган Орто Азия тарыхы боюнча баа жеткис, өз ичине 3000ден ашык макалаларды, атайын эмгектерди камтыган сейрек кездешүүчү тарыхый жыйнак жаралган. «Түркестан жыйнагын» Кыргызстандын тарыхы боюнча ири көлөмдөгү тарыхый маалыматтарды өз ичине камтыган баалуу тарыхый булак катары кароо керек. Анткени бул жыйнакта Кыргызстандын жана кыргыздардын байыркы, орто жана жаңы доордогу социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, руханий-маданий, диний жана табигый ресурстарын чагылдырган, табигый-географиялык, тарыхый-этнографиялык, археологиялык, нумизматикалык жана статистикалык ж.б. көптөгөн материалдар топтолгон. «Түркестан жыйнагында» турмуштук позициясы, саясий көз карашы, профессионалдык билим деңгээли боюнча айырмаланган авторлордун эмгектери берилген. Албетте, биз жогоруда белгилегендей, «Түркестан жыйнагына» негизинен орус тилинде жарык көргөн газета-журналдарга жарыяланган эмгектер топтолгон. Авторлордун дээрлик көпчүлүгү расмий курсту гана жакташып, империялык заказды аткарышкан. Падышачылык Россияда ал мезгилде цензура күчөп, массалык маалымат беттерине жарыяланган макалалар катуу көзөмөлгө алынган.

Бирок, «Түркестан жыйнагында» империялык талаптарга багытталган эмгектер чогулганына карабастан, ал эмгектер маанилүү тарыхнаамалык булак болуп саналат. Биринчиден, жыйнактагы эмгектин авторлору – тигил же бул окуянын түздөн-түз катышуучусу, реалдуу, болгон окуялардын күбөсү. Экинчиден, ар бир эмгекте маанилүү тарыхый-этнографиялык, статистикалык, картографиялык ж.б. маалыматтар кеңири чагылдырылган. 594 томдон турган «Туркестан жыйнагынын» электрондук варианты бүгүнкү күндө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин китепканасында сакталууда.

«Туркестанские ведомости» газетасы. Колониалдык доордогу булакнаамалык чоң мааниси бар басылмалардын катарына «Туркестанские ведомости» газетасын кошууга болот. Газета 1870-жылдан тарта Ташкент шаарында жарык көрө баштаган. Согуш министри генерал-адьютант Милютиндин докладына таянсак, газета императордун буйругу боюнча генерал-губернатордун басма органы катары жарык көрө баштаган. Газетага башкы редакторлук кылуу маселеси генерал-губернатордун карамагында болуп, ага баш ийип, анын түздөн-түз көрсөтмөсү алдында иштеген адам редактор болууга тийиш болгон.25 Архивдик материалдар тастыктап тургандай газетанын алдына төмөнкүдөй максаттар коюлган: «Түркстан крайына таандык болгон өкмөттүк жана административтик көрсөтмөлөрдү, буйруктарды жарыялап, крайды ар тараптан изилдөөгө көмөк көрсөтүү үчүн Түркстанга таандык болгон маанилүү илимий макалаларды жарыялоо».26 Демек, газета колониалдык бийликтин идеологиясын жактаган официалдуу орган болгон. Булактарда: «Россиянын ички турмушуна тиешелүү болгон саясий жана социалдык маселелер Түркстан крайынын кызыкчылыгына төп келсе гана жарыяланган»,27– деп белгиленет. Полемикалык, жекече талаш маселелер жарыяланган эмес.

Газетанын алгачкы редактору болуп (1869-1892-жж.) белгилүү этнограф, аскер-чыгыш таануучу Н.А. Маев (1835-1896) иштеген. Газета жарык көргөн күндөн 1907-жылга чейин крайдын тарыхы, этнографиясы, географиясы, экономикасын чагылдырган кызыктуу илимий материалдар жарык көргөн. Газета бетине белгилүү чыгыш таануучулар, саякатчылар Н.А. Северцов, А.П. Федченко, И.В. Мушкетов, В.Ф. Ошанин, Н.Н. Пантусов жана башкалардын материалдары үзгүлтүксүз жарык көрүп турган.

Ал эми 1907-1909-жылдары газета официалдуу буйруктарды, рекламаларды, телеграммаларды гана жарыялаган жана окурмандардан алыстаган тажатма басылмага айланган. Бирок 1909-жылдан тарта газета өзүнүн форматын, маани-маңызын өзгөртүп, кайрадан жандана баштаган. Газета өкүм сүргөн 1870-жылдын 28-апрелинен 1917-жылдын 15-декабрына чейинки аралыкта 6406 номерин чыгарган. Бул аралыкта газета беттерине кыргыз таануу маселелеринин ар кайсы аспектилерин чагылдырган тарыхый булакнаамалык маанидеги кызыктуу материалдар жарык көргөн. Алардын катарына кыргыздардын этнографиясына арналган Г.Загряжскийдин «Заметки о народном самоуправлении у кара-киргизов», «Киргизские очерки: аш или тризна по умершим», «Кара-киргизы», «Быт кочевого населения долин рек Чу и Сыр-Дарьи», «Русские поселки в Токмакском и Иссык-Кульском уездах», «Очерки Токмакского уезда»,28 «Алибай» деген псевдоним менен жазган И. Андреевдин «Алангасар и Алп», «Из долины – Сусамыра», «Ирчи», «Каракиргизские побасенки», «Манап и букара», «На северном рубеже Ферганы», «По верховью Таласа», (описание Гумбеза Манаса. Киргизские любовные песни об охоте), «Киргизские игрища», «Кызыл-кулак», «Туйгун», «Кара-киргизские съезды» ж.б.29 деген кызыктуу макалаларын кошууга болот.

Газетанын активдүү корреспонденттеринин бири В.П. Наливкин болгон. Ал отставкага чыккандан кийин азыркы Аксы районунун борбору Каравандан 15-20 км алыстыкта жайгашкан Наманган уездине караштуу Наанай кыштагында жашап, жергиликтүү балдарды окутуп, кыргыз менен өзбек элинин турмуш-тиричилигин чагылдырган этнографиялык кызыктуу материалдарды жарыялаган. «Туркестанские ведомости» газетасы колониалдык бийликтин кызыкчылыгын чагылдырган официалдуу орган болгонуна карабастан, газета беттерине булакнаамалык мааниси жогору болгон материалдар жарык көргөн.

Авторлордун ишмердигине анализ

Россия тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн эмгектерине, көз караштарына тарыхнаамалык анализ берүүдө авторлордун билим деңгээли, адистик курамы, даярдыгы, социалдык тегин аныктоо маанилүү деп ойлойбуз. Россиянын чыгышка карай умтулуусу чыгыш таануучу адистерди даярдоону талап кылган. Бул максатты ишке ашыруу үчүн XIX кылымдын биринчи жарымынан тарта Россияда аскер жана граждандык окуу жайлары негизделе баштаган.

а) Аскер-чыгыш таануучуларды даярдоо мекемелери.

Аскер адамдарын даярдоо үчүн XIX кылымдын биринчи жарымында бир катар окуу жайлар ачылат. Алсак, Тышкы иштер министрилигини алдында, Азия департаментинде (1820-жылы) чыгыш тилдер бөлүмү ачылып, келечектиги аскер-чыгыш таануучулар даярдала баштаган. Азия департаментинин уюштурулушу менен Орто Азияга көптөгөн илимий экспедициялар жөнөтүлгөн. 1815-жылы Россиянын жогорку аскер башкаруу органы болгон Башкы Генералдык штабы түзүлөт. 1824-жылы Александр Iнин буйругу менен Оренбург шаарында Неклюев аскер училищасы, 1832-жылы болсо Императордук аскер Академиясы түзүлөт. Биринчи кезекте аскер Академиясы генералдык штабга кызмат кылуучу офицерлерди даярдаган.

б) Граждандык окуу жайлар.

ХIХ кылымдын биринчи жарымында Россиянын бир катар университеттеринде чыгыш таануу бөлүмдөрү, факультеттери ачылып иштей баштаган. Маселен, Россиядагы эң алгачкы чыгыш таануу мекемеси болуп, Илимдер Академиясынын алдында 1818-жылы ачылган Азия музейи болгон. Музейге чыгыш элдерине таандык болгон кол жазмалар, ар кандай тарыхый маалыматтар топтолгон. Ал эми Казань, Петербург Университеттери чыгыш таануу адистерин даярдоочу борборго айланып, бул окуу жайларда перс, түрк, татар тилдери окутула баштаган.

1.Анварбек Мокеев. Новый источник по истории Кокандского ханства // Диалог цивилизаций. Декабрь 2002. С. 24-26.
2.Тынчтыкбек Чоротегин, Махмуд Кашгари Барсканинин эмгеги- көөнөрбөс булак, Мурас фонду, Кыргыз тарых коому, Бишкек: Турар басмасы, 2017, 376 б.
3.Айпери Моңолдор кызы. «Түрк Тарыхнаамасында Кыргыздар». Магистрдик диссертация. Кыргыз-түрк Манас университети Коомдук илимдер институту. Бишкек 2018. 170 б.; Айпери Моңолдор кызы. Түркияда кыргыздардын тарыхын изилдѳѳнүн башаты // Наука, новые технологии и инновация Кыргызстана. № 1, 2017, 173-176-б.
4.Роза Абдыкулова. Түркстан хандыктары менен Осмон мамлекетинин байланыштары султандык архив документтеринде (XIX к. экинчи жарымы XX к. башы). Бишкек: Кыргыз-Түрк «Манас» университети басылмалары, 2014, 260 б.
5.Гүлзура Жумакунова. Түрк лексикографиясынын тарыхынан (Түрк сөздүктөрүндө илимий принциптердин калыптанышы). Жооптуу редактор Б.Ө. Орузбаева. Бишкек: Илим, 2009. б. 55-61; Гүлзура Жумакунова. XIX кылымда бир кыргыз жигити даярдаган «Кыргыз сөздүгү» Түркиядан табылды // Kыргыз Туусу, 2009, 13 февраль, №10, 10-б.; № 11, 10-б.
6.1-Эл аралык байыртадан бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары. Басмага даярдаган жана редактор Гүлзура Жумакунова. Бурса: Улудаг университети жарыялары. 2017. 466 б.
7.Сулайман Кайыпов. Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты (XX к. аягы – XXI к. башы). Докторлук диссертация. Бишкек, 2013.
8.АГИде Ханафи мазхабы жана Имам Серахсинин Ханафиликтеги орду деген темада конференция болду // Ош мамлекеттик университети. https://www.oshsu.kg/news/new/?lg=1&id_parent=78&id2=2124, (Алынган датасы: 04.08.2019); Асилбек Алиев, Зайлабидин Ажимаматов, Великий провавед эпохи Караханидов (жизнь и творчество ал-Серахси) // Ош мамлекеттик университети Теология факультетинин илимий журналы. 12-сан. 2007. б 33-38; Салих Туг. Имам Серахсинин абактагы жашоосу (анын илимий эмгектериндеги малыматтар боюнча) // Ош мамлекеттик университети Теология факультетинин илимий журналы. 12-сан, 2007, 135-143-б.
9.Гүлдана Мурзакулова, Абдрасул Исаков, Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары (1992-2012). Редактор Гүлзура Жумакунова. Анкара 2014. 58+53 б.
10.Проф. Д-р., Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Бишкек, Кыргызстан. Элкат дареги: alymbaev@mail.ru. https://orcid.org/0000-0002-2650-1909
11.О. Пуговкина. История Туркестана в наследии Российской историографии середины XIX-начала Xxвека (политические и экономические аспекты). Дис. канд. ист. наук. Ташкент, 2006.
12.В.Н. Татищев, История Российская с самых древнейших времен. Кн.1, Ч.1, 2. М., 1768. С. 283.
13.В.Н. Татищев, История Российская …., С. 283.
14.П. Рычков, Топография Оренбургская, то есть описание Оренбургской губернии, сочиненное коллежским советником и императорской Академии наук корреспондентом Петром Рычковым. СПб., 1762. Ч. 1, 2. С. 133.
15.И.Г. Андреев, Описание Средней орды киргиз-кайсаков с принадлежащими и касающимися до сего народа дополнениями и прилежащих к Российской границе Сибирской линии по части Колыванскойи Тобольской губерниях крепостям, собранное 1785 года капитаном Андреевым // Новые ежемесячные сочинения. Ч. СXV − CXVIII. СПб., 1795−1796.
16.И.Г. Андреев, Описание Средней орды киргиз-кайсаков. Алматы, 1998. С. 5.
17.И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 24.
18.И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 45
19.И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 51.
20.Д. Сапаралиев, Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в ХУ111 в. – Бишкек, 1995. С. 125.
21.И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 52.
22.И.Г. Андреев, Описание Средней орды …, С. 52.
23.Г.П. Федоров, Моя служба в Туркестанском крае // ИВ. Т.34. №11.
24.Г.П. Федоров, Моя служба в Туркестанском крае // ИВ. Т.34. № 11.
25.ЦГА.РУ. Ф.И-1. оп.8. д . 385.
26.ЦГА.РУ. Ф.И-1. оп.8. д . 385.
27.ЦГА.РУ. Ф.И-1. оп.8. д . 385.
28.Тур.вед. – 1871. -№2 ; 1873. – №1, 9,10; 1874. – № 11,25, 27, 32,41,42.
29.Тур.вед. – 1903. -№ 12,39,51, 58, 72,73, 98, 99, 101, 102; 1894 . -№ 60, 61 ; 1904,– №6, 22.
2,75 ₼

Janr və etiketlər

Yaş həddi:
0+
Litresdə buraxılış tarixi:
01 avqust 2023
Həcm:
6 səh. 11 illustrasiyalar
ISBN:
978-625-6852-25-9
Naşir:
Müəllif hüququ sahibi:
Elips Kitap
Audio
Orta reytinq 4,2, 382 qiymətləndirmə əsasında
Mətn, audio format mövcuddur
Orta reytinq 5, 448 qiymətləndirmə əsasında
Mətn, audio format mövcuddur
Orta reytinq 4,3, 491 qiymətləndirmə əsasında
Audio
Orta reytinq 5, 441 qiymətləndirmə əsasında
Audio
Orta reytinq 4,7, 1847 qiymətləndirmə əsasında
Mətn
Orta reytinq 0, 0 qiymətləndirmə əsasında